Сооронбай Жээнбеков: Бийликке шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кетти

Сооронбай Жээнбеков: Бийликке шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен нарын облусунда жүрөт. Өлкө башчы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда «Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт» — деген пикирин айтты.

Мамлекет башчысы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын белгиледи.

«Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

«Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлүп жатканын баса белгилеп, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>