Аксыда ишкерди коркутуп, 500 миң сом талап кылган каракчылар кармалды

Аксыда ишкерди коркутуп,  500 миң сом талап кылган каракчылар кармалды

Аксы районунун Кербен шаарында ишкерди опузалап акча талап кылган каракчылар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-ноябрь күнү саат 08:30 чамасында болгон.

«Амантур, Бойка, Нупу, Боко каймана аттуу адамдар  шериктери менен Кербендин борборундагы “Талант” автосервисине дубалдан ашып киришип, Т.К. аттуу жаранга курал такап: “сен уурдалган автоунааларды сатат  экенсиң, бизге, общакка 500 000 сом бересиң” деп опузалап акча талап кылышкан. Каракчылар ишкерди автоунаа менен Кербен шаарынын четине алып чыгышып, “болбосо өлтүрүп коебуз” деп коркутушкан.

Жабырлануучу “Ноокендеги үйүмдө 300 000 сом акчам бар ошону берем” деген соң алар Ноокенди карай жөнөп,  жолдо бензинге деп  7500 сом акчасын алып койгон. Таш-Көмүр шаарына жеткенде Бойка тапанча менен оозуна такап, “алдасаң жердин түбүнөн болсо да таап алабыз” деп коркуткан. Жабырлануучу Ноокен районундагы үйүнө келип короосуна кирген соң каракчылардын колунан качып, кутулуп кеткендиги белгилүү болгон», — деп жазылат маалыматта.

Бул окуя Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган ылмышка шектүү катары, мурда бир нече жолу соттолуп чыккан, Өзгөн районунун тургуну 1994-ж.т. А.А. (Бойка), Аксы районунун  тургундары 1995-ж.т. С.Н. (Нупу) жана  1999-ж.т. С.А. ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1997-ж.т А.К. (Боко) кармалышып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы убакта алардын башка да жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сүрөттөгү жарандардан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абаддын Криминалдык милиция кызматына (0778) 11 78 11, (0553) 33 18 33 байланышса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>