•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Атамбаевди камоо тапшырмасы берилгени айтылууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түштөн кийиин күч менен кармалышы мүмкүн. Бул туурасында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева өзүнүн ишеничтүү булактарына таянуу менен “Фейсбукка” жазды.

Анын жазганына караганда, Атамбаевди кармоо үчүн атайын тапшырма берилген, операцияга 1500 күч органынын кызматкерлери тартылмакчы.

Кошумчалай кетсек, кечээ Алмазбек Атамбаевди Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы үчүнүч жолу суракка чакырды. Ал 27-июнда Жогорку Кеңештин 103 депутаттынын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыратылган. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *