Башка адамдын паспорту менен Түркиядан учуп келген аял кармалды

Башка адамдын паспорту менен Түркиядан учуп келген аял кармалды

Кыргызстандын чек арачылары Түркиядан башка адамдын паспорту менен учуп келген аялды кармашты.

Анталия Бишкек каттамы аркылуу учуп келген 30 жаштагы Э.Э. атуу  аял “Манас” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө пунктунан 40 жаштагы адамдын пасортун көрсөткөн.

Чек арачылар кармалган жарандын үстүнөн тийиштүү документтерди толтургандан кийин аны УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Январь – Июнь айларында:

Чек арадан өткөн ададмардын саны — 11 миллиондон ашык;

Чек арадан өткөн тарнспорт каражаттары — 800 миңден ашык;

Мамлекеттик чек араны бузуп кармалгандар — 86 адам;

Жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылгандар 2364;

Депортация болгондор 757;

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>