Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова жаңы кызматка дайындалды

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Айгүл Рыскулова жаңы кызматка дайындалды

Айгүл Рыскулова КМШнын  Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Айгүл Рыскулова 2014-2018-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген.

Бул кызматты мурда Зина Асанкожоева аркалап келген. Ал бүгүн, 4-февралда иштен алынды. Асанкожоева бул кызматка 2014-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Улуттук банктын төрайымы кызматын аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>