Футбол. Кыргызстан-Жапония. «Ак шумкарлардын» негизги оюнчулары такталды — тизме

Футбол. Кыргызстан-Жапония. «Ак шумкарлардын» негизги оюнчулары такталды — тизме

Бүгүн, 14-ноябрда Жвпонияга каршы ойной турган Кыргызстандын командасынын курамы белгиленди.

Алар: Валерий Кичин, Темирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Виктор Майер, Гүлжигит Алыкулов, Едгар Бернхард, Мирлан Мурзаев, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Алимардон Шукуров жана Кутман Кадырбековдор.

Беттеш бүгүн саат 17:15те Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат. КТРК Спорт телеканалы аркылуу түз эфир берилет.

Ал эми 15:15те эски аянтта фан-зонанын эшиги ачылды. Кыргызстан менен Япониянын оюну чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, футболдук оюнга байланыштуу саат 14:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>