Мас абалында унаа башкарган Ош шаарынын вице-мэрине кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Мас абалында унаа башкарган Ош шаарынын вице-мэрине кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Мас абалында унаа башкарып баратып, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалган Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун окуясына байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.  Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында окуя окуя жекшемби күнү кечинде болгон.

“Вице-мэр мас абалда экендигин мойнуна алып, жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Мыйзамга баш ийип, наркологияга барган. Автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгүнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айтты.
Ошентсе да окуяга байланыштуу вице-мэрге кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Салынган айып пулду төлөйт”, — деди ал.

Ошондой эле  вице-мэр Жасур Азимовду видеого тартып, интернетке тараткан милиция кызматкеринин иш аракетине ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан баа бериелерин кошумчалады.

Интернетке «Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов» деген аталыш менен Жасур Азимовдун мас абалында унаа башкарып баратып, жол коопсуздук  кызматкерлерине кармалган видеосу жарыялаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>