Сот Карамушкина, Кодуранова, Жолдубаеваны үй камагында калтырды

Сот Карамушкина, Кодуранова, Жолдубаеваны үй камагында калтырды

Бүгүн, 28-декабрда түндө Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Жогорку Кенештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасын карады.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтуусунда, үч айымды сот 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына калтырды.
Аларга Кой-Таш окуяларында «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «калайман башаламандык уюштуруу», «барымтага алуу» боюнча айып тагылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>