Сулайманов: Атамбаевдин колуна бүт бийликти карматкан Текебаев азыр азабын тартып жатат

Сулайманов: Атамбаевдин колуна бүт бийликти карматкан Текебаев азыр азабын тартып жатат

Текебаев Атамбаевдин колуна бүт бийликти карматып, ошол кетирген катасынын азабын бүгүн көрүп жатат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал  Текебаевдин Президенттин маалымат жыйынына карата айткандарына өзүнүн пикирин 8 жыл мурунку окуяларды эскерүү менен баштаган.

“2010-жылы күзүндө жаңы парламент келип, өзүнө төрага шайлоодо накта демократияны, парламенттик башкарууну, жаңы Конституцияны иштетүүдө өзүнүн биринчи кадамын таштады. Ал кезде бийлик убактылуу өкмөттүн колунда болчу. Бийликтен эл корккон жок, Убактылуу өкмөт ойдогудай добуш ала албады, шайланып келген депутаттар да бийликтен корккон жок. Өмүрбек Текебаевди төрагалыкка шайлабай койдук, бул күнү Текебаев утулган жок, демократия утту десек болот. Ошол күнү демократия орноп, парламент бийликке тишин көрсөтүп, өз алдынча башкаруу системасын түзө алды. Бирок ал жакшы көрүнүш көпкө узабады”, — деп эскерген ал.

Андан ары Сулайманов бийликтин бары Атамбаевдин колуна кантип топтолуп калганын төмөндөгүчө баяндаган.

“2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп келген күнү ,биринчи ишин парламентти чөгөлөткөндөн баштады. Ахматбек Келдибековду төрагалыктан алып түштү. Ушул жерде Өмүрбек Текебаевсиз бул план ишке ашмак эмес. Өмүрбек Чиркешович мага таарынбаса керек ,бул тарых, өзү жазган Конституцияны өзү талкалай баштады. Жаңы өкмөт башчысы Текебаевге да Атамбаевге да жакпады, жаштар күчтөнүп кете электе буларды жайлабасак болбойт деген бүтүмгө келип, Өмүрбек Бабановду да өкмөт башчылыгынан айдашты. Ошол күндөн баштап мамлекетте супер президенттик башкаруу пайда болду. Бул тарых, буга Өмүрбек Чиркешовичтин салымы чоң. Ошентип, Текебаев Атамбаевге бүт бийликти колуна карматты, ошол кетирген катасынын азабын бүгүн көрүп жатканын өзү да билсе керек…
Биз баарыбыз ура!-лап айтканыбыз башка, жасаганыбыз башка. Бул биздин чоң проблемабыз. Ошондуктан башкаруу системасы да өзүбүзгө жараша болуп жатат. Бизде парламенттик башкаруу деп айтканыбыз менен, жашообузда башкача, парламенттин орду жок! Бул ачуу чындык!”,- деп жазган Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>