«Тазалыктын» басма сөз катчысы вице-мэрдин сынына жооп кайтарды

«Тазалыктын» басма сөз катчысы вице-мэрдин сынына жооп кайтарды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун “ишкананын кызматкерлери көп айлык алат” деген сынын жооп кайтарды.

Каракеева өзүнүн билдирүүсүн «Фейсбуктагы» баракчасына айлык акы тууралуу документти чыгарып, колуна 11890 сом аларын көрсөтүп, вице-мэрдин айрым иштерин сынга алган.

“Сиз тешилген жолдор боюнча арыздарга терс мамиле кылып, ар дайым менин оозумду жабууга аракет кыласыз. Сиз жол боюнча арыздарга мэр көрбөсүн деп өзүнчө чат ачып аласыз”, – деп жазды Каракеева.

Эске салсак, Бишкек мэриясынын отурумунда вице-мэр Мирлан Амантуров Тазалыктын жетекчилигин жана айрым кызматкерлерди көп маяна аласыңар деп айыптаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>