Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган делегация Арменияга иш сапар менен кетишти

Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган делегация Арменияга иш сапар менен кетишти

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Армениянын Ереван шаарына иш сапары менен кетишти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына жана 12-пленардык отурумуна катышышат.

Белгилей кетсек, делегация курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов жана Алмазбек Акматов бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>