Үйүндө эч ким калган жок. Токмокто жол кырсыгынан каза болгон 7 киши бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

Үйүндө эч ким калган жок. Токмокто жол кырсыгынан каза болгон 7 киши бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

19-декабрдан 20-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы унаа кырсыктан 7 адам каза болду. Алар Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылынын тургундары болгон. Нурманбет айылынын тургундары каза болгон 7 киши теӊ бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгонун айтышкан. Бул тууралуу «Turmush» басылмасы жазды.

«Биздин Нурманбет айылында абдан кейиштүү, чоӊ жоготуу болду. Айыл эли жаман болуп жатат. Ошол «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаада биздин айылдык бир үй-бүлө кетип бара жаткан. Өздөрүнүн унаасы. Андагы ата-эне, келини, уулу жана 3 небереси теӊ каза болуп калды. Азыр үйүндө бир киши жок, баары каза болду. Эмне деп айтарыбызды билбей турабыз. Үйүн жасап, оӊдоп, мына эми жашоонун жакшылыгын көрөбүз деп турган чакта кете беришти.

Бул үй-бүлөнүн 1 кыз, 1 уулу эле бар. Кызы тушоо той өткөрүп, баары ошол тойдон келе жатышыптыр. Ошондо үйдүн 1956-жылы туулган кожоюну, анын 1958-жылкы жубайы, 1985-жылкы уулу, 1992-жылкы келини жана 3 небереси теӊ каза болду. «Киа» унаасында күйөөсү, аялы жана 1 жүргүнчү бар экен деп уктук. Алар ооруканада», — деди алар.

«Кырсык маалында «Фольксваген Вентодон» 6 киши каза болуп, 1 киши ооруканага түшкөн. Ал эми «Киа» үлгүсүндөгү унаадан 1 киши каза болуп, 3 киши ооруканага түшкөн. Кийин «Фольксваген Вентодо» аман калып, ооруканага түшкөн бир киши дагы каза болуптур», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, окуя 19-декабрда саат 22:00 чамасында катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>