Үйдөн таарынып чыгып кеткен. Сузакта 17 жаштагы Мадина дайынсыз болууда

Үйдөн таарынып чыгып кеткен. Сузакта 17 жаштагы Мадина дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 2003жылы туулган Рахмидин кызы Мадина ушул жылдын 23-февралынан бери дайынсыз болуп жатат. Ал ошол күнү саат 11:30 чамасында үйүнөн таарынып чыгып кеткен бойдон кайда экени белгисиз. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда 17 жаштагы Рахмидин кызы Мадинанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, чачы кара узун, өңү кара тору, орто келбетте, көзү кара, кашы кара.

Кийген кийимдери: Башында сыя түстөгү жоолук, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде көк түстөгү көйнөк, кара түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү өтүк.

Жогорудагылардын негизинде дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Рахмидин кызы Мадинанын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо төмөндөгү телефон номерлерге кабарлап коюуңуздар.

Телефон: (03748) 5-02-09, (0777) 80-65-68, (0550) 31-31-22

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>