Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Олимпиаданын лицензиясы ойнотулган мелдешке катышат

Мээрим Жуманазарованын сиңдиси Олимпиаданын лицензиясы ойнотулган мелдешке катышат

Балбан кыз Сезим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Бул лицензиялык турнирде Жуманазарова 57 кг салмакта күч сынашат. Белгилей кетсек, Сезим Жуманазарова — Кыргызстандын алдыңкы балбан кыздарынын бири Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Мелдеш 9-12-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. 9-10-майда грек-рим, 10-11-майда кыз-келиндер жана 11-12-майда эркин күрөш боюнча балбандар арасында беттештер болот.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан өзүнчө беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган. Лицензиялык мелдешке 50, 53 кг салмактарда өлкө атынан эч ким барбайт.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк лицензиялык мелдешке кыргызстандык грек-рим балбандарынан 3, эркин күрөштөн 4 балбан барат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>