Эки млн сом уурдоого шектелип эки адам кармалды

Эки млн сом уурдоого шектелип эки адам кармалды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери 2 млн сом уурдоого шектелген эки адамды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 27-апрелде таңкы саат 04:00дор чамасында Сокулуктун Фрунзе айылындагы Агромаркетке белгисиз адамдар кирип, кеңседен 2 млн сом салынган сейфти уурдап кеткен. Бул окуядан кийин акчасын уурдаткан жаран милицияга кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 45 жаштагы Э.Ж. жана 38 жаштагы Б.А. аттуу жарандар Ош шаарынан кармалган. Белгилүү болгондой, алар уурулук жасалган күнү «Шевроле Спарк» унаасы менен жүрүп, кылмыш кылгандан кийин Ош шаарына изин жашырып кеткен.

Шектүүлөр 30-апрелде убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал эми унаа айып короого токтотулган.

Милициядан билдиришкендей, 38 жаштагы Б.А. буга чейин Токмоктогу ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1,5 млн сом уурдоого шектелип издөөгө алынган. Ал кылмыш 2023-жылдын июль айында жасалган. Аны менен бирге аталган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Кармалган шектүүлөр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>