АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Кыргыз ырчылары суу каптоого байланыштуу казак элине ыр арнашты
02.05.2024 | 12:40
Кыргызстандык ырчылар Калысбек Айтбаев менен Каныбек Закиров Казакстандагы суу каптоого байланыштуу кошуна өлкөнүн калкына арнап ыр чыгарышты.
Аткаруучулардын айтымында, “Казак элине” ыры колдоо көрсөтүү иретинде жазылган.
“Боордошторубуз 80 жылдык тарыхта болбогон оор сыноону башынан өткөрүп жатат. 10 облусу суунун астында калды. Сабыр тилейбиз”, – дейт алар.
Ыр Казакстандын бир нече телеканалдарында көрсөтүлдү.
“Кыргыз боордоштор гуманитардык жардам гана көрсөтпөстөн моралдык жактан дагы колдоп жатышат”, – деп билдирди казак телеканалынын алып баруучусу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом