Өкмөт 100 миң сомго чейин насыя алгандарга жардам берет

Өкмөт 100 миң сомго чейин насыя алгандарга жардам берет

Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга колдоо көрсөтүү механизмин иштеп чыкты. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Нарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

100 миң сомго чейин насыясы бар жарандарды колдоо иретинде өлкө бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом жумшалат.

«100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп, акыры чечиштик», — деди Жапаров.

Жапаров жардам 600 миңдей үй-бүлөгө бериле турганын кошумчалады. Алар үч айдын –декабрь, январь жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандардын маселеси олуттуу социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланганын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>