Новиков: Өкмөт атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат

Новиков: Өкмөт атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат

Өкмөт атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча ишин улантат. Аталган иш 2019-жылы башталган жана үстүбүздөгү жылы өз жыйынтыгын берет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 25-ноябрда парламенттин жыйынында билдирген.

Жыйында «2020-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралган.

2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 34,4 млрд сомдук сынактар ийгиликтүү өттү, анын 42% атамекендик товарлар, жумуштар жана тейлөөлөр түзөт.

«Ошол эле учурда ата мекендик товарлар 36,3%ды түзсө, 2018-жылы бул көрсөткүч 13,7%ды гана түзгөн. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо саясаты товарларды ташып келүү, аларды өндүрүү же импорттоо учурунан баштап, акыркы керектөөчүгө чейин сатууга мүмкүндүк берет жана өлкөдөгү товарлардын көмүскө жүгүртүлүшүн кыскартат», — деп кошумчалады Артем Новиков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>