Өкмөт башчы: Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт

Өкмөт башчы: Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт

Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген.

«Бишкек шаарында ооругандардын санынын көптүгүнө байланыштуу ооруканалар ыкчам толуп, стационарларда медицина персоналы жетишпей жатат. Ошондуктан аймактык бийлик коронавирус инфекциясына жана пневмонияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүшүнө даяр болууга тийиш. Борбор калаада байкалган жагдайдын кайталанышына жол бербөө керек», — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы иш жүргүзүүнүн негизги багыттарын аныктады.

«Тажрыйба көрсөткөндөй жөн гана орундар керек эмес. Жер-жерлерде орто жана оор абалдагы бейтаптар үчүн керебет-орундарды даярдоо зарыл. Оорусу жеңил өтүп жаткандар үчүн күндүзгү стационарларды уюштуруу шарт» — деп эскертти өкмөт башчы.

Премьер-министр аймактарда калктын санына жараша дары-дармектердин запасын толтурууну, жетишпеген учурда токтоосуз түрдө Саламаттык сактоо министирлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине кайрылууну тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>