Өкмөт башчы: Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет

Өкмөт башчы: Аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкекке жиберилет

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча, борбор калаадагы медиктерге жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Боронов медициналык кызматкерлердин саны Бишкекте жетишсиз болуп жаткандыгын айткан.

«Медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алардын саны Бишкек шаарында жетишсиз болууда. Көпчүлүк медицина кызматкерлери башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты. Ошондуктан биз башка аймактардагы дарыгерлерди кыйноо менен алып келе албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам бергендик болот. Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Ошондой эле кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>