Өкмөт Евразия экономикалык комиссиясындагы кызмат орундарына сынак жарыялады

Өкмөт Евразия экономикалык комиссиясындагы кызмат орундарына сынак жарыялады

Кыргыз өкмөтүнүн аппараты Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргызстандан талапкерлерге квалификациялык тандоо жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.   

Бул чечим Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 «Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги жооптуу кызматтардын бош  орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин ички квалификациялык тандоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык кабыл алынган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>