Өкмөт жер бөлсө Бишкекте футбол борбору салынат

Өкмөт жер бөлсө Бишкекте футбол борбору салынат

Канатбек Маматов ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен кыргыз өлкөсүндө футболду өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

8-апрелде Бахрейндин борбору Манама шаарында Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен жолугушкан.

Алар футболду өнүктүрүү жана Кыргызстандагы инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкулашкан. Тактап айтканда, эгер Кыргыз өкмөтү футболдук союзуна жер бөлүп берсе, Бишкекте футболдук борбор куруу маселесин баса белгилешти. ФИФА бул долбоорду ассоциацияларды колдоо программасынын алкагында каржылоону караштырууга даяр экендигин билдирди. ФИФАнын президенти футболдук инфраструктураны куруу үчүн Кыргызстанда инвесторлорду кандай кабыл аларын, инвесторлорго бериле турган шарттар жана жеңилдиктер жөнүндө сурады”, — деп айтылат маалыматта.

Канат Маматов быйыл Инфантинону Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган жана быйыл кыргыз футболу өзүнүн жүз жылдыгын белгилеп жаткандыгын белгилеген. Жанни Инфантино, эгер COVID-19га байланыштуу кырдаал татаалдашпаса, ушул жылдын сентябрында Кыргызстанга келээрин билдирген.

Ошондой эле пандемияга байланыштуу кырдаалды туруктуу болсо, кыргыз  футболунун 100 жылдыгына карата футбол легендалардын катышуусунда ири беттеш өткөрүүгө макулдашышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>