ӨКМ: Өлкө аймагында эки күн кар катуу жаашы күтүлөт

ӨКМ: Өлкө аймагында эки күн кар катуу жаашы күтүлөт

2020-жылдын 28-ноябрында жана 29-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууларуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

 29-30-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°,

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>