ӨКМ: Бишкекте катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду

ӨКМ: Бишкекте катталган жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Чокан Валиханов (Чолпон-Атинская) — Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон кырсык жөнүндө маалымат таратты.

Министрликтин маалыматына ылайык, 24-августта саат 14: 29да Subaru Legacy жеңил унаасы менен Мерседес-Бенц Гигант сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен бир адам ошол жерден көз жумган, кийинчерээк эки адам ооруканада каза болгон, дагы экөө ооруканада жатышат.

ӨКМдин кызматкерлери маркумду жана жаракат алгандарды унаадан чыгарып, андан кийин тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>