ӨКМ шашылыш билдирүү таратты! Өлкө аймагында 4 күн катары менен жаан, кар жаашы күтүлөт

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты! Өлкө аймагында 4 күн катары менен жаан, кар жаашы күтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 16-майынан 20-майга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

16-майынан 20-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 18-майда күндүз Баткен облусунун, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда  жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>