Өлкө башчы: Соода-өндүрүш палатасы бизнести коргой турган күчтүү уюм боло алган жок

Өлкө башчы: Соода-өндүрүш палатасы бизнести коргой турган күчтүү уюм боло алган жок

«Орто жана чакан бизнести өнүктүрүүнүн жана өндүрүштү стимулдоонун инструменттеринин бири — өндүрүш зоналарын түзүү». Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы бул тууралуу такай айтылып келгенин, бирок Өкмөт дагы, жергиликтүү бийлик дагы бул маселе боюнча алгылыктуу иш алып бара албай жатканын белгиледи.

«Эркин экономикалык зоналардын концепциясын толугу менен карап чыгып, эркин индустриалдык зоналар боюнча жаңы мыйзам базасын тез арада сунуштоону күтөбүз», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле соода-өндүрүш палатасынын иштөө принциптери толук реформалоого муктаж болуп, бул институт өзүнүн вазийпасын аткара албай жатканын белгиледи.

«Иш жүзүндө бул палата — бизнес биримдиктердин жалпы кызыкчылыктарын ар кайсы аренада коргой ала турган, улуттук экономиканы алга сүрөгөн күчтүү уюм боло алган жок», — деди өлкө башчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>