Өлкө боюнча мектептерде медициналык кабинеттер ачылат

Өлкө боюнча мектептерде медициналык кабинеттер ачылат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы мектептерге медициналык кабинеттерди ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда айрым окуучулар дары ичип же ийне сайдырууга шарт жок болгондуктан мектепке бара албай жатышат.

Атайын кабинеттер ачылса кант диабети, талма илдети бар балдар мектепке коркпой бара алышат. Мектептерге кабинет ачып, медайымдарды штатка алып иштетүү көп балдардын билим алуусуна шарт түзөрү айтылат.

Билдирүүгө таянсак, 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке медициналык кабинет ачып, медайымдарга айлык коюп берүү (0,25тен 1ге чейин) пландалууда. Бул кабинеттердин иштөөсү үчүн 386,7 миллион сом бөлүнөрү кабарланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>