Өлкөдөгү 1014 энеге “Баатыр эне” ордени ыйгарылат

Өлкөдөгү 1014 энеге “Баатыр эне” ордени ыйгарылат

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Анда белгиленгендей, 7 же андан көп баланы тарбиялаган 1014 энеге «Баатыр эне» ордени ыйгарылат. Ал эми 6 баланы төрөп, өстүрүп, толук кандуу тарбия берген 519 энеге «Эне даңкы» медалы берилет.

2019-жылы Энелер күнүн белгилөө алдында 7 жана андан көп балалуу 1354  эне «Баатыр эне» ордени менен, 6 балалуу 454 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланган.

Айта кетсек, өлкөдө 7 же андан көп баланы тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат. 7 баласынын бири сот жообуна тартылган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышпайт. Ал эми соттолгондугу жоюлган балдардын энелери «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат.

2012-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембиси «Энелер күнү» катары кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>