Өлкөгө 500дөн ашык мал менен тоңдурулган балыкты мыйзамсыз киргизгендер аныкталды

Өлкөгө 500дөн ашык мал менен тоңдурулган балыкты мыйзамсыз киргизгендер аныкталды

Өлкөгө бодо малды жана тоңдурулган балыктын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирүү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уруксат берүүчү документтерсиз тоңдурулган балыкты, ири жана майда мүйүздүү бодо малды, ташып кирүү фактылары аныкталды.

Кыргызстандын аймагына 367 баш ири мүйүздүү малды, 162 майда мүйүздүү малды жана 20 тонна тоңдурулган балыкты мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлган.

Импорттоочуларда коштоочу документтер жана товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бузуулардын материалдары тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>