Былтыр милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон

Былтыр милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон

2019-жылы милиция кызматкерлерине карата  63 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарган отурумунда айткан.

Өкмөт башчынын айтымында 27 кызматкерге коррупция фактысы менен, 22 кызматкерге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана эки кызматкерге алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

“Силер мыйзам бузгандардын тизмесине түшпөй, жарандарыбыз үчүн үлгү болушуңар керек. Мамлекет милиция кызматкерлерин социалдык колдоону камсыздоо, айлык акысын жогорулатуу жана турак жай куруу боюнча күч-аракетин жумшап жатат. Эми абийирсиз кызматкерлерден тазалануубуз керек”, — деген өкмөт башчы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>