Өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырып пара талап кылгангандар кармалды

Өзүн ИИМ кызматкери катары тааныштырып пара талап кылгангандар кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин жалган кызматкери жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-мартта 326-берененин 1-бөлүмү («Пара талап кылуу») фактысы боюнча 50 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда Л.Д.Э. жана Т.у.Ж. аттуу жарандар кармалды.

Белгилүү болгондой, кармалган Л.Д.Э., анын шериги Т.У.Ж менен биргеликте өздөрүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясынын кызматкери катары тааныштырышып, ортомчулук кылып жатасын дешип кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Сокулук районунун жашоочусунан 5 миң доллар талап кылышкан.

Ал эми Л.Д.Э. мурда арыз ээсинен 190 миң сом жана 1 миң долларын алганы айтылат.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>