Өзбекстанда 25 жаштагы майып жигит иске ууланып каза болду

Өзбекстанда 25 жаштагы майып жигит иске ууланып каза болду

Наманган облусундагы Чартак районунунун 25 жаштагы майып тургуну Хикматилла Юсупов 18-ноябрда иске ууланып каза болду.

Күбөлөр кырсыкка акыркы кездери аймакта электр энергиясынын тез-тез өчүрүлүшү себеп болгонун билдиришүүдө.

«Ал күнү аймакта электр энергиясы өчүп калып, Хикматилла электр плитасын өчүрүүнү унутуп калган. Түн ичинде жарып берилип, плита иштей баштаган. Ага чети тийип калган сүлгү күйүп, ис бөлүп чыгарган», — деди күбөлөрдүн бири.

Анын айтымында, акыркы он күндөн бери райондо электр энергиясы тез-тез өчүрүлүүдө.

«Былтыр мындай болгон эмес. Азыр күнүнө 2-3 жолудан өчүрүшөт. Көбүнчө кечкисин, адамдар кечки тамагын ичип жатканда өчүп калууда», — деди ал.

Бул быйылкы күз мезгилинде иске ууланып каза болгон Өзбекстандагы алгачкы учур эмес. Жаратылыш газынын тартыштыгы, отун менен көмүр сатып алууга акчасы жок болгондуктан, тургундардын көбү кытай өндүрүшүндөгү электр жылыткычтарын колдонуп келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>