Өзбекстанда онлайн оорукана ачылды

Өзбекстанда онлайн оорукана ачылды

Өзбекстанда карантин убагында үйдө отурган жарандарга жардам берүү үчүн “дарыгерден сура” деген аталышта интернет-портал ишке кирди.

Карантин убагында үйдө жаткан жарандар сыркоолоп калса интернет-порталга кирип керектүү кеп-кеңешти алууга болот. Дартка даба издеген бейтаптар сайт аркылуу дарыгерлер менен кат жазышып, аудио жана видео аркылуу байланыша алат.

Дарыгер Шерзод Рузиевдин айтымында, алар жарандарды онлайн түрдө дарылабайт. Болгону кеп-кеңеш гана беришет.

“Биз аларга өз алдынча дарылануунун жолдорун айтпайбыз. Бейтаптар менен сүйлөшүп, оорунун белгилерин билүүгө тырышабыз жана оорусу күчөп кетпеши үчүн керектүү кеп-кеңештерди беребиз”, — деген Рузиев.

Учурда баш-аягы 200 медик өзбек жана орус тилдеринде бейтаптар менен баарлаышууда. Алардын ар бири күн сайын 20дан адамды кабыл алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>