Өзгөндө унаа бакты сүзүп, 7 адам каза болду

Өзгөндө унаа бакты сүзүп, 7 адам каза болду

Өзгөн районунун Мырзаке айылында Lexus ES300  үлгүсүндөгү автоунаа бакты сүзүп, 7 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсык 3-февралда саат 03:30 чамасында болгон.

«Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Кырсыктан кийин унаадан өрт чыгып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана милиция кызматкерлери келген.  Өрт өчүрүлгөндө унаанын ичинен 7 адамдын жансыз денелери табылган. Учурда алардын аты жөндөрү такталууда”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>