Өзгөндө унаада отурган үч адамга ок чыгарылып, экөө ооруканага түштү

Өзгөндө унаада отурган үч адамга ок чыгарылып, экөө ооруканага түштү

Өзгөндө адам өмүрүнө кол салган кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35 чамасында Өзгөн райондук аймактык ооруканасынан эки атуул ок атуучу куралдан денелеринен жаракат алып кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя боюнча 130-берененин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде тергөө иштери башталганы кабарланат.

19-мартка караган түнү саат 03:15 чамасында Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы асфальт жолдо 31 жаштагы  М.Ш.  өзүнө таандык болгон “Хонда-Инспайер” үлгүсүндөгү автоунаасында 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А.  менен биргеликте отурганда, аларга белгисиз унаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Учурда ыкчам- тергөө тобу тийиштүү иш алып барып жатканы айтылат.

Тэги: Өзгөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>