Бишкекте велосезон ачылды 

Бишкекте велосезон ачылды 

Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында  велосезондун ачылышы болду.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун  президенти Данил Кыдыралиев катышты.

Бишкек шаарынын туулган күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган веложүрүш Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында башталды.

Мында катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде жүрүшүн аяктады. Веложарыштын бардык катышуучулары көңүл ачуучу иш-чараларга жана ар түрдүү сынактарга күбө боло алышты.

Бул  спорттук иш-чарага 800гө жакын вело сүйүүчүлөр, спортчулар, жана муниципалитеттин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чара мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана «Вело friends позитив kg» уюму тарабынан  уюштурулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>