Арча-Бешик конушунда сел жүрүү коркунучу жок, — ӨКМ

Арча-Бешик конушунда сел жүрүү коркунучу жок, — ӨКМ

Арча-Бешик конушунда сел жүрүү коркунучу жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-апрелде ӨКМдин Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, мэрия жана акимиат менен биргеликте аткарылган иш-чараларды көзөмөлгө алып, Арча-Бешик конушунун тургундары менен сүйлөшүштү.

Анткени жыл сайын нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Маңка-Жар коктусуна жакын жайгашкан турак жайларды сел суусу каптап келген. Бул жолу да Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери сел топтоочу эки жайда механикалык тазалоо иштерин жүргүзүштү.

«Бүгүнкү күндө аталган биринчи тилкеде селдин үстүнкү калдыктары тазаланып, 1565 метр куб , экинчи тилкеден 1500 метр куб топурак чыгарылган. Ал эми экинчи тилкеде тазалоо иштери улантылууда. Учурда Арча-Бешик конушунда сел жүрүү коркунучу жок», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>