№93 мектептин жери турак үй куруу үчүн сатылып кеткен

№93 мектептин жери турак үй куруу үчүн сатылып кеткен

Бишкек шаарындагы №93 орто мектебине таандык жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушунда жайгашкан №93 орто мектебине таандык жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталып, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузууну калыбына келтирүү үчүн жалпы базар баасы 23 миллион 334 миң 120 сомду түзгөн 4 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Белгилүү болгондой, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдарды одоно бузуу менен жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен.

Ал жер тилкелеринин максаттуу багыты боюнча бала бакча курууга каралгандыктан, Кыргызстандын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жеке турак үй курууга мүмкүн эмес болгон.

Соттун чечими менен мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгарылган.

24-мартта Ленин райондук прокуратурасынын талабынаы негизинде жогоруда 4 жер тилке мэриянын балансына алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>