Кыргызстанда 1-июлдан тарта энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы алынат. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акциздик ставка литрине 10 сом болот.
Тоник алкоголсуз суусундуктар — атайын максаттар үчүн алкоголсуз суусундуктар, анын ичинде организмге сергек таасир көрсөтүү үчүн жетиштүү санда кофеин жана (же) башка тоник компоненттери бар энергетикалык суусундуктар.
Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0312611794, 0312611560.