Алмазбек Атамбаевге таандык үй конфискацияландыбы? Жооп

Алмазбек Атамбаевге таандык үй конфискацияландыбы? Жооп

Алмазбек Атамбаевге таандык үйдү конфискациялоо боюнча маалымат жок, деп билдирди Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин атынан жалпыга маалымдоо каражаттарында Атамбаевдин атасынын үйү конфискацияланды деп тараган маалымат тастыкталган жок.

“Үйдү конфискациялоо боюнча бизде маалымат жок. Демек, Арашан айылындагы үй сот органдары тарабынан берилген тизмеде жок. Анда жер тилкеси, тактап айтканда, Кой-Таш айылындагы эс алуу комплекси, көп жылдык көчөттөр бар, бирок үйдүн өзү тизмеде жок”, — деди ал.

Буга чейин айрым ЖМКларда Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаевдин атасы курган үйдү Мамлекеттик мүлк фонду конфискациялоону көздөп жатканы маалымдалган.

Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдан баштап жалпы 7 кылмыш иши козголуп, бирөөсү боюнча чечим чыккан. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон. Анда бир топ үй-мүлкү конфискацияланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>