Абитуриенттерди кабыл алуу качан башталары белгилүү болду

Абитуриенттерди кабыл алуу качан башталары белгилүү болду

Кыргызстанда 12-июлда 2022-2023-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу үч этап менен өткөрүлөт. 1-этап 12-17-июль, 2-этап 19-24-июль, 3-этап 26-31-июль күндөрү өтөт.

Жогорку окуу жайларга гранттык жана күндүзгү келишимдик орундарга тапшыруунун мөөнөттөрү бирдей.

Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуу мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт.

Жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер тапшыра алат. Ал эми босого балл ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.

Конкурска катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди электрондук автоматташтырылган маалыматтык система «Абитуриент Online» — https://2020.edu.gov.kg/ менен тапшыра алат.

Аймактардагы абитуриенттер өтүнмөлөрдү интернет аркылуу берип, конкурска катышса болот.

Абитуриенттердин рейтингин чыгаруу процесси автоматташтырылган система менен жүрөт.

Техникалык колдоо номери — 1818 (иш күндөрү: дүйшөмбү — жума, саат 8:30дан 17:30га чейин).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>