«Портердин» айдоочусу жогорку ылдамдыкта баратып, окуучу кызды сүзүп кетти. Ал каза болду1-апрелден тарта электр энергиясын колдонууга киргизилген чектөөлөр алынатБишкектин муралдары: Катревичтердин үй-бүлөсү эски дубалдарга кантип жан берет?Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодо
1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга чаралар көрүлөт : Министр
26.07.2025 | 08:08
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-сентябрдан баштап жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып салынарын билдирди.
Министр чет өлкөлөрдө жолдо ылдам жүргөн айдоочулар сол тилке менен жүрүп, жай жүргөндөр оң тилкеге өтөрүн эске салып, Кыргызстанда болсо тескерисинче абал байкалууда деди.
“Сол тилкеге түшүп алып жай жүргөндөр башкаларга тоскоол болуп, авариялык кырдаал жаратышат. Мындан кийин мындай мыйзам бузууларга көз жумулбайт”, — деди Ниязбеков.
Жаңы тартипке ылайык, эреже бузган айдоочулар:
- Айдоочулук күбөлүгүн убактылуу тапшырат;
- Кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет.
- Милиция кызматкерлери мындай учурларды каттап, мыйзамга ылайык чара көрөт.
Рубрики: Жаңылыктар