«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды
25.07.2025 | 21:21
Президент Садыр Жапаров Нарын шаарынын мэри кызматын 46 жаштагы Жайнак Немат уулуна тапшырды. Ал буга чейин төрт жылдан бери Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон сапарында Немат уулу менен жолугуп, анын иш тажрыйбасын баалап, “сиз аким болосуз” деп ишеним көрсөткөн.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматта Канболот Тутуев иштеп келген. Ал бүгүн кызматтан бошотулду.
Рубрики: Жаңылыктар