«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Балыкчы – Бишкек багытындагы поездинин терезесин дагы сындырып кетишти
26.07.2025 | 12:53
24-июлдун түнүндө Балыкчы–Бишкек багыты боюнча жүрүп бара жаткан жүргүнчү поездин Токмок тилкесинде белгисиз адамдар таш бараңга алышты. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бейбаштар VIP вагонду кошкондо бир нече вагондун терезесине таш ыргыткан. Терезелер соккуга чыдамдуу болгондуктан сынган эмес, бирок жаракалар пайда болгон. Окуя маалында вагондордо жүргүнчүлөр болгон.
Учурда келтирилген зыян эсептелип, укук коргоо органдарына тиешелүү маалыматтар өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин апрель айында дагы ушундай окуя катталган. «Кыргыз темир жолу» мындай мыйзамсыз аракеттерди кескин айыптап, күнөөлүүлөр мыйзам алдында жоопко тартыларын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар