Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
“100 сомго менчиктештирилген” комбинаттын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды
04.03.2025 | 17:27
Чүй облусунун Кемин районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргыз химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү (5-цех) мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2002-жылы аталган завод «Талер-Сан» ишканасынын директору Э.А. тарабынан 100 сомго мыйзамсыз менчиктештирилген.
УКМК көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кеминдин Орловка шаарындагы комбинаттын аянты 6066 чарчы метрди түзгөн 5-цехи жана анын 2 га жери ыктыярдуу түрдө шаардын карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирди. .
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар