Кыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалуудаАйпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Каракөл ГЭСинин курулушу уланууда
04.03.2025 | 18:19
«Чакан ГЭС» ААКсына караштуу Кара-Көл ГЭСинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
ГЭС Кара-Көл шаарына жакын жерде Кара-Суу дарыясында салынууда. Анын кубаттуулугу 18 МВт болуп, жылына 110 млн кВт/саат электр энергия өндүрүлүп турат.
Белгилүү болгондой, 2009-жылы 6-августта «Чакан ГЭС» ААКсынын жалпы чогулушунун чечими менен «Каракөл ГЭС» ААКсы түзүлгөн.
2023-жылы 16-июнда «Каракөл ГЭС» ААКсы менен «Жагалмай» компаниясы чакан ГЭСтин курулушу боюнча инвестициялык келишимге кол койгон. Долбоордун инвестору жана куруучусу – «Жагалмай» ЖЧК.
Курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарымында аякташы пландалууда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом