2023-жылдын январь-ноябрь айында баалар жана тарифтер өлкө боюнча 6,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка караганда, азык — түлүкктүн баасы 11,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге — 10,7 пайызга, тамак — аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга-3,1 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 8,9 пайызга жогорулады.
Баалардын максималдуу өсүшү Нарын облусунда жана Ош шаарында катталып, бул 12,3 пайызга өскөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз