Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Улуттук филармонияда Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргызстандын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.

Мааракелик салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министр Алтынбек Максутов, Чыңгыз Айтматовдун үй –бүлөсү жана жакындары катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу коноктору катары “Чынгыз Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын, “Биз бир кемедебиз” эл аралык форумунун катышуучулары, Кыргызстандагы бир катар элчилер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылды.

Иш-чара Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма менен башталып, андан соң театр ишмерлинин катышуусунда даярдалган «Биз баарыбыз бир кайыктабыз» прологу көрсөтүлдү.

Расмий бөлүктү министр Алтынбек Максутов ачып, катышуучуларды 12- декабрь Улуттук адабият күнү жана заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салым кошкон Чынгыз Айтматов биздин мамлекетибиздин сыймыктуу уулу экенин белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду.

“Айтматов — доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү! Ал өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөртүп, элдин көз карашын, дүйнө тааным чабытын кеңейткени менен эсте калды. Мамлекет ар убакта заманыбыздын залкар талантын колдоп, анын көзү өтсө да, түбөлүктүү даңазалап келет.

Быйыл Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык юбилейине даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемеси чыккан.

Мындай аракеттер жазуучунун өлбөс- өчпөс чыгармаларын, андагы гуманистик идеяларды жайылтуу, келечектеги муундарга жазуучунун көркөм мурастарын илимий жактан изилдөөгө, таанып билүүгө жана руханий-интеллектуалдык тажрыйба жана пикир алмашуу аянтчасын түзүүгө негиз берип келет.

Залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик маанилүү иш- чаралар жогорку деңгээлде белгиленип келе жатат. Бүгүнкү иш- чара ал иш- чаралардын жыйынтыктоочу бөлүгү.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктап, бул майрам улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнө майрамы экенин белгилеп кетким келет.

Мамлекет өз инсанын кастарлап, даңазалап жана муундан – муунга жеткирүүгө болгон аракеттерин жумшайт”,- деп белгиледи.

Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктосун жеткирди.

Анда Чынгыз Айтматовдун дүйнөгө таанылган талантын, тарыхты жараткан эл уулунун жаратмандыгын, бир катар чет өлкөлөдө жана Кыргызстандын бардык булуң бурчунда өтүп жаткан ири жана маанилүү иш- чараларды белгилеп, иш- чаранын катышуучуларына ийгилик каалады.

Салтанаттуу иш чарада Чынгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган ырлар, анын чыгармаларын негизинде коюлган тасмаларга арналган ырлар аткарылып, иш- чара Ч.Аймтовго арналган сүрөт көгөзмөсү менен коштолду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>