АӨБ Кыргызстандын 2026–2027-жылдарга карата экономикалык өнүгүү божомолун жарыяладыКара-Суудагы Талдык каналы толук реконструкцияланатУКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турганЭдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болдуПутин Пасхага карата элдешүү жарыялады10-апрелге карата аба ырайы
11-июль: Бир суткада 511 адамга коронавирус жукту
11.07.2020 | 10:15
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 511 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 11-июлда өткөн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —314 адам. Ош шаарында 24, Чүй облусунда 124, Ош облусунда 13, Нарын облусунда 17, Ысык-Көл облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 26, Баткен облусунда 28 адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 102 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми 3 адам каза болгон.
18-марттан 11-июлга чейин өлкөдө жалпы 9910 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 3236 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул 125 оорудан каза болгон. Ал эми март айынан бери пневмониядан жалпы 382 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом