“Ысык-Ата” санаторийинин мурдагы мүдүрүнө иш козголду
“Ысык-Ата” санаторийинин мурунку мүдүрү жана айрым кызматкерлери 12 млн 996,6 миң сом кымырып алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук прокуратурасы аталган санаторийде текшерүү жүргүзгөн.
“Текшерүүдө, санаторийдин мурунку мүдүрү О.А.К. жана санаторийдин айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылыдары жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.
Ошондой эле, эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу боюнча келишимдерди түзүп, санаторийге 1 млн 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен”, – деп билдиришти прокуратурадан.
Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз